Login

usercockpit

Футбол достук үчүн

“Футбол достук үчүн” балдардын эл аралык социалдык программасын ФИФА жана Футбол боюнча 2018 дүйнө чемпионатынын расмий өнөктөшү “Газпром” коомдук акционердик уюму “Газпром- балдар үчүн” глобалдык социалдык программасы алкагында иш жүзүнө ашырууда.

“Футбол достук үчүн” программасы балдар футболун өнүктүрүү, жаштар спорту жана сергек жашоону жайылтуу, ар түрдүү өлкөлөрдүн балдарынын ортосунда толеранттуулукту тарбиялоо жана достукту илгерилетүүгө багытталган. Программанын негизги баалуулуктары: достук, теңдик, адилеттүүлүк, дени сактык, тынчтык, берилгендик, жеңиш, салттар жана намыс. Программа дүйнөлүк жетектөөчү жана улуттук жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, артисттер жана атактуу футбол жылдыздарынын жыл сайын өсүп бара жаткан колдоосун алууда. Дүйнө жүзү боюнча 400 000 дөн ашык адам программанын пикирдеши болуп саналат.

“Футбол достук үчүн” Эл аралык балдар форуму программанын негизги иш-чарасы болуп саналат, анда дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн 12 жаш курагындагы таланттуу футбол оюнчулары чогулушат. Эркек балалар жана кыздар, анын ичинде мүмкүнчүлүктөрү чектелген, бирок футбол ойной ала турган балдар программаны иш жүзүнө ашыруу алкагында маанилүү жалпы адамзаттык баалуулуктарды активдүүлүк менен илгерилетет. “Футбол достук үчүн” программасы жаш элчилерди программанын баалуулуктарын дүйнө жүзү боюнча эффективдүү илгерилетүү форматтарына үйрөтүү боюнча глобалдык аянтча катарында активдүү өнүгүүдө.

2017-жылы программага Европа, Азия, Африка, Түндүк жана Түштүк Американын 64 өлкөсүнөн келе турган жаш оюнчулар катышат: Азербайджан, Алжир, Аргентина, Армения, Бангладеш, Белоруссия, Бельгия, Болгария, Боливия, Бразилия, Улуу Британия, Венгрия, Венесуэла, Вьетнам, Гана, Германия, Греция, Дания, Египет, Индия, Ирак, Иран, Исландия, Испания, Италия, Казахстан, Кыргызстан, Кытай, Корея, Латвия, Ливия, Литва, Македония, Мексика, Мозамбик, Нидерланды, Норвегия, Пакистан, Польша, Португалия, Орусия, Румыния, Сербия, Словакия, Словения, Сирия, АКШ, Таджикистан, Танзания, Тайвань, Туркменистан, Туркия, Украина, Уругвай, Өзбекистан, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швейцария, Эстония, Япония, Түштүк Африка Республикасы.

16-март күнү программаны расмий баштоого туура келтирилген Ачык кара көтөн кармоо алкагында, 64 жаш оюнчу кокусунан 8 эл аралык аралаш Достук Курамасында бириктирилет. Ачык кара көтөн кармоодон кийин 64 өлкөдө “Достук эстафетасы” стартты баштайт, анын алкагында улуттук деңгээлде жаш элчилер тандалып алынат.

Бешинчи (юбилейлик) “Футбол достук үчүн” эл аралык балдар форуму Санкт-Петербургда 2017-жылы 26 июнь күнүнөн 3 июль күнүнө чейин болуп өтөт. Форумдун коноктору 8 Достук Курамалары арасындагы “Футбол достук үчүн” 2017 Эл аралык Чемпионатына катышат, алар мелдешүүдө биринчи орун үчүн күч сынашат.

Форумдун бардык иш-чаралары улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылат. Жыл сайын Форумга катышуучу өлкөлөрдүн жетектөөчү басылмаларынын кесипкөй журналисттери, ошондой эле өз өлкөлөрүнүн жаш элчилерин коштоп жаш журналисттер келет. Программа алкагында жаш журналисттер үчүн Эл аралык балдар басма сөз -борбору уюштурулган, программанын бардык иш-аракетин жергиликтүү жана дүйнөлүк деңгээлде чагылдыруу анын милдети болуп саналат.

Форум бардык катышуучулардын ФИФА Конфедерациялар 2017 финалына катышуусу менен аякталат.

2014-жылдан бери жыл сайын “Футбол достук үчүн” программасынын алкагында 25-апрелде эл аралык футбол жана достук күнү белгиленет. Ушул күнү программага катышуучу бардык өлкөлөр программанын расмий символу толеранттуулук, теңдик жана дени сак жашоо образынын белгиси болгон достук Билериктерин алмашуу менен баштала турган достук оюндарын өткөрөт. Эл аралык футбол жана достук күнүн атактуу спортчулар, маданияттын ишмерлери, журналисттер жана бийлик өкүлдөрү колдойт.

Форум алкагында атайын сыйлык -“Тогуз баалуулук” кубогу тапшырылат. Профессионалдык клубдардын бири коомдун жыргалы үчүн иш жүзүнө ашырган кайрымдуулук, социалдык демилгелер жана башка долбоорлор аркылуу “Футбол достук үчүн” программасынын тогуз баалулугуна эң чоң берилгендик көрсөткөнү үчүн Кубок менен сыйланат. -“Тогуз баалуулук” кубогунун уникалдуулугу, жеңүүчүнү “Футбол достук үчүн” программасынын катышуучулары – балдар аныктайт.

 

 Программанын тарыхы

 
Биринчи форум 2013-жылы 25-майда Лондон шаарында орун алган жана 8 Европа өлкөсүнөн жаш спортчуларды жыйнаган (Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Греция, Россия, Сербия жана Словения). Форумдун катышуучулары ачык кат даярдаган, анда программаны маанилүү баалуулуктары түзүлгөн: достук, теңдик, адилеттүүлүк, дени сактык, тынчтык, берилгендик, жеңиш жана салттар. Өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана программанын глобалдык элчиси Франц Беккенбауэр тарабынан кол коюлган кат, андан кийин эл аралык спорттук уюмдардын башчыларына жөнөтүлгөн.

Экинчи Форум 16 өлкөдөн келген жаш оюнчуларды бириктирип, өзүнүн географиясын эки эсеге арттырган: Белоруссия, Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Италия, Нидерланды, Польша, Португалия, Россия, Сербия, Словения, Түркия, Украина, Франция жана Хорватия. 2014-жылы 23-25-май күндөрү Лиссабон шаарында өткөн жана форумдун жыйынтыгында “Футбол достук үчүн” кыймылынын лидери шайланган, келе жаткан жыл үчүн лидерликке Португалиялык Филипе Суарес келген жана программанын маанилүү баалуулуктарын таратуучусу болгон.

Форум алкагында аны менен бирге алгачкы жолу көчө футболу боюнча мелдешүү өткөрүлгөн. «Бенфик» Португалия командасы мелдештиң жеңүүчүсү болгон, экинчи орунду "Црвена Звезда" Сербия командасы, үчүнчү орунду Россиянын курама командасы ээлеген.

2015-жылы 4-7-июнь күндөрү Берлин шаарында болуп өткөн үчүнчү “Футбол достук үчүн» эл аралык балдар форуму, Европа жана Азиянын 24 өлкөсүнүн келген өкүлдөрдү куттуктаган: Австрия, Белоруссия, Бельгия, Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Испания, Италия, Казахстан, Кытай, Нидерланды, Польша, Россия, Сербия, Словакия, Словения, Түркия, Украина, Франция, Хорватия, Чехия, Швейцария, Япония. Азия өлкөлөрүнүн катышуучулары программага тогузунчу маанилүү баалуулук – намысты киргизген.

Берлинде болуп өткөн форумда алгачкы жолу атайын сыйлык – «Тогуз баалуулук» кубогу көрсөтүлгөн. Кубоктун жеңүүчүсү болуп “Барселона” футболдук клубу табылган. “Барселона” ФК үчүн добуш берген балдар, клубдун жаштар футболун колдоо жана өнүктүрүү боюнча демилгелерин жогору баалаган, ал дагы “Барселона” ФК өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн келген жаш футболчуларга жардамын белгилеп кеткен.

Төртүнчү “Футбол достук үчүн” эл аралык балдар форуму 2016 жылдын 26-29 май күндөрү Милан шаарында өткөн. Форумдун коноктору 32 катышуучу өлкөлөрдөн келген командалар арасында көчө футболу боюнча эл аралык мелдешүүгө катышты, ал анын ичинде башка өлкөлөрдөн келген курдаштары жана дүйнө футболунун жылдыздары, ошондой эле программанын глобалдык элчиси Франц Беккенбауэр менен катташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Форумдун алкагында “Тогуз баалуулук” кубогу “Бавария” ФК-на тапшырылды. Аны менен бирге 2016-жылы “Футбол достук үчүн” программасынын төртүнчү сезону алкагында Сириянын өкүлү болгон “АЛЬ-ВАХДА” командасы да кубокко ээ болду. Кубокту тапшыруу церемониясы Сирия, Дамаскта “Үч күн согушсуз” документтүү фильминин ачык премьерасы алкагында болду. “АЛЬ-ВАХДА” клубунун футболчулары “Футбол достук үчүн” программасынын баалуулуктарына берилгендиктери жана жеңишке карата эрки үчүн сыйлык алышты.

GLOBAL MEDIA PARTNER

GENERAL MEDIA PARTNER

SPECIAL LANGUAGE PARTNER

LOCAL MEDIA PARTNER

This website uses cookies to enhance usage, for web analysis, advertising purposes and to integrate social media. You hereby give consent for this website or third-party suppliers to place cookies on your device. For more information please see our privacy policy