Login

usercockpit

“Газпром” дун “Футбол достук үчүн” эл аралык балдар долбоорунун бешинчи сезону башталды

16.03.2017 ж. Гамбург, Германия. Бүгүн «Газпром» - ФИФА жана Футбол боюнча 2018 дүйнө чемпионатынын расмий өнөктөшү - 26-июндан 3-июлга чейин Санкт-Петербургда (Орусия) өтө турган “Футбол достук үчүн” эл аралык балдар социалдык долбоорунун бешинчи сезону старт алганын жарыялады.

2017-жылында долбоордун географиясы олуттуу кеңейди: катышуучу өлкөлөрдүн саны – 32 ден 64-кө чейин эки эсеге көбөйдү. “Футбол достук үчүн” долбооруна биринчи жолу Мексика жана Америка Кошмо Штаттарынан келген балдар катышат. Ошентип, долбоор төрт материктен – Африка, Евраазия, Түндүк жана Түштүк Америкадан жаш оюнчуларды бириктирет.

Бешинчи сезон жаңы форматта өтөт. Ар түрдүү өлкөлөрдүн футбол клубдарынын өкүлү болуп саналуучу командалар ордуна, жаш футболчулар сегиз интернационалдык курама команалары - Достук курамасында бириктирилет.

Бүгүн ачык кара көтөн кармоо жүрүшүндө Курама командалардын өлкөлүк курамы, жана катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн оюн позициялары аныкталды. Оюнчуларды индивидуалдуу тандоо “Достук эстафетасы” алкагында өтөт. “Футбол достук үчүн” долбоорунун эл аралык уюштуруу комитети улуттук футбол федерациялары менен биргелешип 2017-жылында өз өлкөлөрүн өкүлү боло турган жаш футболчуларды тандап алат. Сегиз кишилик командалар эркек жана кыз балдар, анын ичинде мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардан түзүлөт.

Ачык кара көтөн кармоо интернет-конференция режиминде өттү. Церемонияга Достук Курама командаларынын жаш тренерлери катышты: Михаил Бабич (16 жаш, Орусия), Рене Ламперт (15 жаш, Словения), Стефан Максимович (15 жаш, Сербия), Фелипе Соарес (17 жаш, Португалия), Чарли Суи (12 жаш, Кытай), Эльвира Херцог (16 жаш, Швейцария), Игорь Грицюк (14 жаш, Украина) жана Брендон Шабани (15 жаш, Улуу Британия), аны менен бирге долбоордун Эл аралык басма сөз-борборунун өкүлү Лилия Матсумото (15 жаш, Япония).

“Мен 2016-жылдын сезонунда оюнчу катары катыштым. Долбоордун бир бөлүгү болуу- бул долбоорун жаш элчилерине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу улуу ийгилик деп эсептейм. Эгер мен 12 жашта болсом, жаңы сезондун катышуучусу болуу үчүн жана башка жигиттер менен бирге футбол аянтчасында жашыл чөп үстүндө топ кууп жүрүү үчүн баарына даяр элем!”- деди “Марибор” ФК жаштар курамынын негизги оюнчусу Рене Ламперт.

25 апрель күнү Эл аралык Футбол жана Достук күнүн майрамдоо алкагында программанын катышуучуларына он миңдеген балдар жана чоңдор кошулат. Булардын ар бири долбоордун расмий символу - теңдик жана дени сак жашоо образын символдоштуруучу, көк жана жашыл жиптен туруучу достук Билеригин байлайт.

1 июль күнү Санкт-Петербургда Эл аралык Достук үчүн Футбол чемпионаты болот, анда ар түрдүү улуттагы, жыныстагы жана физикалык жөндөмдүүлүктөгү жаш оюнчулардан түзүлгөн командалар аянтчага чыгат.

2 июль күнү Бешинчи Эл аралык “Футбол достук үчүн” өтөт, анда балдар атактуу футболчулар жана журналисттер менен бирге долбоор баалуулуктарын ар түрдүү өлкөлөрдө илгерилетүү маселелерин талкуулайт.

“Футбол достук үчүн” долбоору бешинчи сезонунун эң аягында Форумдун катышуучулары “Санкт-Петербург Арена” стадионунда Конфедерациялар 2017 кубогунун финалдык матчына барат.

Салт боюнча, бүтүн сезон бою эл аралык балдар басма сөз борбору иштейт. Жаш журналисттер чоң корреспонденттер менен бирдей бардык негизги иш-чараларга катышат.

“Газпром” келечекке багыт алган глобалдык долбоорлорду ишке ашырууда, жана “Футбол достук үчүн” буга так ылайык келет. Бар болгону төрт жылда катышуучу -өлкөлөрдүн саны сегиз эсе артты. Санкт-Петербург шаарында бул жылы жапырт төрт континенттин жаш оюнчулары беттешет. Кызыктуу команда оюну жана түз байланыш атайын чөйрөнү түзөт. Бул социалдык долбоорубуздун баалуулуктары дүйнө жүзү боюнча балдар жана өспүрүмдөр үчүн түшүнүктүү жана маанилүү экендигин билдирет”, - деди “Газпром” ААК Башкармасынын төрагасы Алексей Миллер.

“Газпромдун демилгеси - бүткүл дүйнө балдарын угуп турууга мүмкүнчүлүк берет. Биз “Футбол достук үчүн” программасынын максаттары жана негизги баалуулуктарын 100 пайыз колдойбуз. Биздер программанын уюштуруу комитетинин Футбол боюнча FIFA 2018 дүйнө чемпионатына чейин бардык демилгелерине көмөк көрсөтүүдөн кубаныч алабыз”, -деди ФИФА коммерциялык директоры Филипп Ле Флок.

Маалымат

 “Футбол достук үчүн” балдардын эл аралык социалдык программасын “Газпром” ААК “Газпром- балдар үчүн” глобалдык социалдык программасы алкагында иш жүзүнө ашырууда. Долбоордун максаты -балдар футболун өнүктүрүү, ар түрдүү өлкөлөрдүн балдарынын ортосунда толеранттуулук жана ар түрдүү маданияттар жана улуттарга урматты тарбиялоо жана. Катышуучулар колдоочу жана илгерилетүүчү негизги баалуулуктар: достук, теңдик, адилеттүүлүк, дени сактык, тынчтык, берилгендик, жеңиш, салттар жана намыс.

 Ар жылдык эл аралык “Футбол достук үчүн” форуму долбоордун негизги окуясы болуп саналат, анда бүткүл дүйнөдөн жаш футболчулар чогулушат жана ЖМК өкүлдөрү жана атактуу футболчулар менен бирге баалуулуктардын бүткүл дүйнөдө сакталышы маселелерин талкуулайт.

“Футбол достук үчүн” долбоорунун атайын сыйлыгы -“Тогуз баалуулук” кубогу. Бул уникалдуу олжо ар жылы долбоордун баалуулуктарын ишке ашыруучу социалдык демилгелерди ишке ашырганы үчүн профессионалдык футбол клубдарынын бирине тапшырылат. Жеңүүчүнү долбоорун жаш элчилери “Футбол достук үчүн” программасына катышуучу өлкөлөрдүн бардыгында өтө турган добуш берүү жолу менен тандайт.

 Бүткүл дүйнө боюнча миңдеген катышуучулар жыл сайын долбоорго кошулууда. Долбоорду ишке ашыруу убактысында анын географиясы олуттуу түрдө кеңейди- 2013-жылында 8 өлкөдөн 2017-жылында 64 өлкөгө чейин. Жүздөгөн жаш футболчулар өз өлкөлөрүндө “Футбол достук үчүн” кыймылынын жана анын баалуулуктарынын элчилери болууда. “Футбол достук үчүн” долбоорунун символу – Достук Билеригин бүткүл дүйнө боюнча 400 миңден көбүрөөк киши, ошонун ичинде балдар, чоңдор, атактуу спортчулар жана журналисттер, артисттер, саясатчылар жана ар түрдүү өлкөлөрдүн президенттери кийип жүрүүдө.

2017-жылында долбоорго катышуучу өлкөлөр: Австрия, Азербайжан, Алжир, Аргентина, Армения, Бангладеш, Беларусь, Бельгия, Болгария, Боливия, Бразилия, Улуу Британия, Венгрия, Венесуэла, Вьетнам, Гана, Германия, Греция, Дания, Египет, Индия, Ирак, Иран, Исландия, Испания, Италия, Казахстан, Кыргызстан, Кытай, Корея, Латвия, Ливия, Литва, Македония, Мексика, Мозамбик, Нидерланды, Норвегия, Пакистан, Польша, Португалия, Россия, Румыния, Сербия, Сингапур, Словакия, Словения, Сирия, США, Таджикистан, Танзания, Туркменистан, Түркия, Украина, Уругвай, Өзбекистан, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швейцария, Эстония, Япония, ТАР.

“Газпром” — глобалдык энергетикалык компания. Негизги иш багыттары - газ (ошонун ичинде мотор отуну катарында), газ конденсаты жана нефтти геологиялык чалгындоо, казып чыгаруу, ташуу, сактоо, кайтадан иштөө жана сатуу, аны менен бирге жылуу жана электр кубатын өндүрүү жана өткүзүү. Компания Орусия аймагында, Африка, Жакын Чыгыш, Европа, Латын Америкасы, Орто, Түштүк жана Түштүк-Чыгыштык Азия өлкөлөрүндө жумуш кылат.

“Газпром” дүйнөнүн жаратылыш газынын запастары жана өндүрүштүн көлөмү боюнча эң ири компания болуп саналат, газ менен камсыз кылуу орус керектөөчүлөргө жана 30 дан ашуун өлкөдө ишке ашырылып жатат. “Газпром” төрт жетекчи орусиялык нефть өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат, ал жылуулук электр энергетикасында орнотулган кубаттуулуктардын көлөмү боюнча Орусияда биринчи орунду ээлейт, ал аны менен биргежылуулук кубатын өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат.

Өндүрүштүк ишти активдүү өнүктүрүү менен катар, “Газпром” социалдык долбоорлорго көп көңүл бурат. Компания көптөгөн спорттук уюмдар жана эл аралык жана улуттук масштабдагы иш-чараларга көмөк көрсөтөт.

Артка

GLOBAL MEDIA PARTNER

GENERAL MEDIA PARTNER

SPECIAL LANGUAGE PARTNER

LOCAL MEDIA PARTNER

This website uses cookies to enhance usage, for web analysis, advertising purposes and to integrate social media. You hereby give consent for this website or third-party suppliers to place cookies on your device. For more information please see our privacy policy