Login

usercockpit

Негизги адамдык байлыктарга берилгендиктин артынан дүйнө жүзү боюнча он миңдеген адамдар чогулду

25.04.2017. Тынчтыкты, достукту, теңчиликти жана дени сак жашоону көтөрмөлөгөн, Бүткүл дүйнөлүк футбол жана достуктун күнүнө арналган иш-чаралар бүгүн Европада, Азияда, Африкада, Түндүк жана Түштүк Кореяда башталды. Он миңдеген балдар жана чоң адамдар достук матчтарына, ачык машыгууларга, флэшмобдорго, телемарафондорго жана спорттук майрамдарга катышты. Катышуучуларды дүйнө жүзү боюнча белгилүү футболисттер, тренерлер, теле-алып баруучулар жана артисттер колдоого алышты. 

Футбол жана достуктун күнү биринчи жолу 2014-жылы ФИФА жана УЕФА колдоосу менен өткөн «Газпром» ААК «Достук үчүн футбол» Эл аралык балдардын коомдук программасынын жаш элчилери тарабынан жарыяланган. Ушул күнү, теңчилик, башка маданияттарга болгон урмат жана тынчтыкта жашоо сыяктуу эң маанилүү жалпы адамдык байлыктарды бөлүшкөн адам ким болсо да, колуна көк-жашыл түстүү билерик тагат. Билериктин көк жиби ар бир адамга байкалган тынч асманды, ал эми жашылы – футбол талаасын билдирет.

Ушул жылы достуктун билеригин Аргентинада чыгаан TV продюсери Хьюго Тинелли, Кытайдагы маалымат агенттигинин башкы редактору Ксю Ли, Грециядан Олимпиада оюндарынын үч жолку жеңүүчүсү Димос Пирос, Сербиядан белгилүү тренер Миодраг Божевич, Нидерланддардын жогорку категориянын калысы Кевин Блум, тагынып баштады.

Иш-чараларга белгилүү футболисттер, анын ичинде сербиялык коргоочу Бранислав Иванович жана Зенит футбол клубунан (Санкт-Петербург, Россия) россиялык вратарь Юрий Лодыгин, Фейеноорд футбол клубунан (Роттердам, Нидерланддар) голландиялык качыруучу Дирк Куйт катышты. Афинадагы иш-чарага өлкөнүн улуттук курамасындагы 2004-жылдын футбол боюнча Европа чемпионатынын жеңүүчүсү жана Грециядан Еавропарламенттин мүчөсү Теодорас Загаракис барды.

«Ушул күн, дүйнө жүзү боюнча адамдарга теңчиликтин негиздерин жана бири-бирине болгон урматты жактагындыкты көрсөтүп жана ишендиргени зарыл болгон учурга туура келгени өтө маанилүү. «Достук үчүн футбол» ушул мүмкүнчүлүктү берет, жана жаш муун аркылуу жыныска, жашка жана дене мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, адамдарды тынчтыкка жана достукка үйрөтөт. Пакистандын Футбол Федерациясы программага жергиликтүү оператор катары чакырылганына өтө кубанычтамын. Бир убакытта биздин өлкөдө финал өткөрүп, дүйнө боюнча балдарды Пакистанга чакырууга мүмкүндүк болот деп ишенем» - Фахад Хан, Пакистандын Футбол Федерациясы, толкундануу менен бөлүштү.

Маалымкат

Бүткүл дүйнөлүк футбол жана достуктун күнү 60тан ашык өлкөдө, ошондой эле Россияда, АКШда, Бразилияда, Индияда, Кытайда, Германияда, Францияда, Алжирде, Сирияда, Иракта, Жапонияда жана башка өлкөлөрдө майрамдалат. Өткөрүү убагында 400дөн ашык адам майрамдык иш-чарага катыштырылды. Ар кандай жылы Бүткүл дүйнөлүк футбол жана достуктун күнүн жүздөгөн футболисттер колдоп чыгышты: дүйнөлүк футболдун легендасы Франц Беккенбауэр (Германия), Африкалык континентинин тарыхындагы эң күчтүү качыруучу Дидье Дрогба (Кот дИвуар), Мадрид Реалынын белгилүү коргоочусу Мичель Сольгадо (Испания), Лондон Арсеналынын экс-футболисти Андрей Аршавин (Россия), улуттук кураманын мурунку капитаны Витор Байа (Португалия) жана футбол дүйнөнүсүнүн башка жылдыздары.

«Достук үчүн футбол» эл аралык балдардын коомдук долбоору 2013-жылдан баштап «Газпром» ААК тарабынан уюштурулат. Долбоор ар кандай улуттагы, ар кандай жыныстагы жана ар кандай дене мүмкүнчүлүктөрү менен балдарды бириктирет. Достук, тынчтык жана теңчилик - «Достук үчүн футбол» катышуучулары көтөрмөлөгөн негизги байлыктар. Долбоордун максаты — балдар футболун өнүктүрүү, ар кандай өлкөдөн келген балдарда ар кандай маданиятка жана улутка түшүнүктүүлүктү жана урматты тарбиялоо. Катышуучулар колдогон жана көтөрмөлөгөн негизги байлыктар — достук, теңчилик, адилеттүүлүк, ден-соолук, тынчтык, берилгендик, жеңиш, салттар жана намыс болушат.

Артка

GLOBAL MEDIA PARTNER

GENERAL MEDIA PARTNER

SPECIAL LANGUAGE PARTNER

LOCAL MEDIA PARTNER

This website uses cookies to enhance usage, for web analysis, advertising purposes and to integrate social media. You hereby give consent for this website or third-party suppliers to place cookies on your device. For more information please see our privacy policy