Login

usercockpit

Дүйнөнүн 64 мамлекетинен келген жаш футболчулардын катышуусу менен Санкт-Петербургда Бешинчи Эл аралык балдардын «Достук үчүн футбол» форуму болуп өттү

03.07.2017. Санкт-Петербург. «Газпром» ААКнун, FIFA расмий өнөктөшүнүн жана FIFA 2018™ футбол боюнча дүйнө чемпионатынын социалдык демилгесинин чегинде Санкт-Петербургда Бешинчи Эл аралык балдардын «Достук үчүн футбол» форуму болду. Иш чарада дүйнөнүн 64 мамлекетинен келген 1000 ашык меймандар катышты - жаш футболчулар (эркектер жана кыздар, алардын ичинде майыптуулугу менен),эл аралык ММКнын алдынкы катардагы журналистери, футболдун жылдыздары, Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын чемпиондору, FIFA легендалары, Россиянын Олимпиада Комитетинин жана эл аралык балдардын кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери, футбол федерацияларынын башчылары катышышты. Программанын маанилүү баалуулуктары болуп тынчтык, тендик жана сергек жашоо саналат.

«Достук үчүн футбол» программасынын бешинчи сезону жаңы форматта, Европа, Азия, Африка, Түштүк жана Түндүк Американын өкүлдөрүн бириктирүү менен өттү. Сезондун башталышындагы чүчүкулак кармоонун жыйынтыгы боюнча жаш футболчулар сегиз Эл аралык достук курамасына тандалышты. Командалар Санкт-Петербургда Эл аралык футбол чемпионатында достук үчүн сезондун финалдык иш-чараларынын чегинде жолугушту.

2017-жылы биринчи жолу Достуктун эстафетасына-жаш футболчуларды жана бардык мүчө-мамлекеттердин жаш журналистерин тандоонун улуттук этаптарына старт берилди. Жыйынтыктар жана катышуучулардын аттары 25-апрелде Эл аралык футбол күнүндө, салт боюнча программанын катышуучуларына жүздөгөн миңдеген балдар жана чоңдор кошулганда жарыяланды жана майрамдоонун чегинде программанын расмий символу болгон-Достуктун билеригин бири бирине байлашты.

Бешинчи сезон учурунда «Достук үчүн футбол» программасынын Эл аралык балдар пресс-борбору иштеди, жаш журналистер өздөрүнүн өлкөлөрүндө окуяларды чагылдырып турушту-алдынкы катардагы эл аралык спорттук ММК үчүн жаңылыктарды жана материалдарды даярдашкан, эл аралык «Достук үчүн футбол» ТВ-каналы, балдардын жумалык газетасы, программанын расмий радиоканалы жана балдардын интернет-ресурстары үчүн материалдарды жаратууда катышышты. Материалдар 43 тилде даярдалган. Балдардын Эл аралык социалдык «Достук үчүн футбол» программасынын финалдык иш-чараларын дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген 2 миңден ашык журналисттери чагылдырышты.

Чемпионатка жана Форумга даярдануу чегинде дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген балдар жана чоңдор, Санкт-Петербургдагы үч күндүк спорттук билим берүүчүлүк чогулууларда катышышты. Алар үчүн жаш машыктыруучулардын жетекчилиги менен машыгуулар, дүйнөлүк футболдун жылдыздарынын мастер-класстары, Тогуз баалуулуктун мектебинин оюн сабактары, жетекчилердин жана Россиянын Олимпиада Комитетинин элчилеринин чыгуулары менен Олимпиадалык сабактар өткөрүлдү.

Салт боюнча «Достук үчүн футбол» программасынын финалдык иш-чараларынын бардык жаш катышуучулары футболдук матчка барышат. Кечээ күнү балдар FIFA Конфедерациялар Кубогунун финалында Чили жана Германия курамаларын колдошту, ал «Санкт-Петербург» жаңы стадионунда өттү. 

«Биз, негизги катышуучулар болуп саналган жаш оюнчулар катышкан долбоорду түздүк. Биздин идеяны көптөгөн спортчулар, журналистер жана коомдук уюмдар колдошту. Ушул жылы «Достук үчүн футболдо» мамлекеттердин-64 рекорддук саны катышты. Бул дүйнө жүзү боюнча балдардын тендикке жана тынчтыкка өздөрүнүн берилгендигин көрсөтүүгө, жана негизинен достуктун жаш элчилери катары болууга мүмкүндүк берди», — деп «Газпром» ААКнун Директорлор Кеңешинин төрагасы Виктор Зубков куттукттоо сөзүндө айтты.

FIFA жана FIFA 2018™ футбол боюнча дүйнө чемпионатынын расмий өнөктөшү «Газпром» компаниясынын уникалдуу демилгесин колдоого биз кубанычтабыз. Форум – кыздарга жана эркек балдарга бирдей тең мүмкүнчүлүк берет жана FIFAнын миссиясы — ушундай демилгелерди колдоо», — деп FIFAнын Генералдык катчысы Фатма Самура айтты.

 

Маалымкат

«Достук үчүн футбол» эл аралык балдардын коомдук долбоору 2013-жылдан баштап «Газпром» ААК тарабынан ишке ашырылат.

Долбоордун максаты — балдар футболун өнүктүрүү, ар кандай өлкөдөн келген балдарда ар кандай маданиятка жана улутка сабырдуулукту жана урматты тарбиялоо. Катышуучулар колдогон жана жылдырган негизги баалуулуктар — достук, теңчилик, адилеттүүлүк, ден-соолук, тынчтык, берилгендик, жеңиш, салттар жана намыс.

Долбоордун башкы окуясы болуп жыл сайын өткөрүлүүчү Эл аралык балдардын «Достук үчүн футбол» форуму саналат, анда дүйнө жүзү боюнча жаш футболчулар чогулушат, ММКнын өкүлдөрү жана белгилүү футболчулар менен дүйнө жүзүндөгү баалуулуктарды сактоо маселерин талкуулашат.

«Достук үчүн футбол» долбоорунун атайын сыйлыгы-тогуз баалуулуктун Кубогу. Бул уникалдуу олжо, ал долбоордун баалулуктарын, социалдык демилгелерди турмушка ашыргандыгы үчүн жыл сайын профессионалдык футболдук клубдардын бирине тапшырылат. Долбоордун жаш элчилери жеңүүчүнү добуш берүү менен тандашат, ал «Достук үчүн футболдун» бардык мүчө-мамлекеттеринде өтөт.

Дүйнө жүзүндөгү миңдеген катышуучулар долбоорго жыл сайын биригишет. Долбоорду ишке ашыруу убагында анын географиясы-2013-жылы 8 мамлекеттен 2017-жылы 64 мамлекетке чейин олуттуу кеңейди. Жүздөгөн жаш футболчулар «Достук үчүн футбол» кыймылынын жана анын өздөрүнүн мамлекеттериндеги элчилери болуп калышат. «Достук үчүн футбол» долбоорунун символу — Достуктун билериги — 400 миңден ашык балдар жана чоңдор дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде түрдүү мамлекеттердин белгилүү спортчулары, журналистери, артистери, саясатчылары, президенттери тагынып жүрүшөт.

Долбоордун 2017-жылдагы мүчө мамлекеттери: Австрия, Азербайжан, Алжир, Аргентина, Армения, Бангладеш, Беларусь, Бельгия, Болгария, Боливия, Бразилия, Улуу Британия, Венгрия, Венесуэла, Вьетнам, Гана, Германия, Греция, Дания, Египет, Индия, Ирак, Иран, Исландия, Испания, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Республика Корея, Латвия, Ливия, Литва, Македония, Мексика, Мозамбик, Нидерланды, Норвегия, Пакистан, Польша, Португалия, Россия, Румыния, Сербия, Сингапур, Словакия, Словения, Сирия, АКШ, Тажикстан, Танзания, Түркмөнстан, Туркия, Украина, Уругвай, Өзбекстан, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швейцария, Эстония, ТАР, Япония.

Долбоордун бешинчи сезону жаңы форматта өттү. Түрдүү мамлекеттерден чыгуучу футбол клубдары командалардын ордуна, жаш футболчулар сегиз интернационалдык курамага-Достуктун курамасына биригишкен. Сегиз адамдан турган командалар эркек балдардан жана кыздардан, алардын ичинен майыптуулугу менен 12 жаштагылардан түзүлгөн. «Достук үчүн футбол» долдбоорунун Эл аралык уюштуруучу комитети улуттук футбол федерациялары менен бирдикте ар бир мамлекеттен бир өкүлдөн тандап алышкан.

Артка

GLOBAL MEDIA PARTNER

GENERAL MEDIA PARTNER

SPECIAL LANGUAGE PARTNER

LOCAL MEDIA PARTNER

This website uses cookies to enhance usage, for web analysis, advertising purposes and to integrate social media. You hereby give consent for this website or third-party suppliers to place cookies on your device. For more information please see our privacy policy