Login

usercockpit

64 мамлекеттен келген балдар Достук үчүн футбол ойношту 

Санкт-Петербургда 2017.01.07. . «Газпром» ААКнун балдардын эл аралык социалдык «Достук үчүн футбол» программасынын бешинчи сезонунун чектеринде Санкт-Петербургда достук үчүн футбол боюнча чемпионат болду.

Чемпионат өзүнүн желегинин астында жаш футболчуларды-64 мамлекеттен программанын элчилерин бириктирди. 12 жаштагы эркек балдар жана кыздар эл аралык 8 Достук курамасына бириктирилген, достуктун машыктыруу көпүрөчөсүндөгү орунду долбоордун мурдагы сезондорунун катышуучуларынын ичинен жаш машыктыруучулар ээлешти. 

Жаш футболчулар 27-июндан баштап 29-июнга чейин Достук лагеринде, жаш машыктыруучулардын жетекчилигинде болуп жана белгилүү футболчулардын карамагында машыктыруучу жыйындарды өтүштү, алар спортчуларга футбол талаасында мамиле түзүүгө, командалык тактиканы иштеп чыгууга жана командада жолдоштук жолөктү сезүүгө жардам берди.

1-июлда балдардын Эл аралык «Достук үчүн футбол» программасынын бешинчи сезонунун футболчулары курама командалардын курамында футбол талаасынын зымырыт көк майсанында жолугушту жана өздөрүнүн үлгүсүндө бүт дүйнөгө, жынысына, физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана расалык таандыгына карабастан достук мүмкүн экендигин далилдешти.

«Мага бул жакта болуу абдан жагып жатат, бирини жолу мен оюнчу катары болгом, эми болсо жаш машыктыруучу ролунда чыгуудамын. Жаңы милдет кыйла татаал, үлгү көрсөтүү зарыл жана менин командамдын бардык оюнчулар үчүн лидер болушум керек. Мен келечекте өзүмдү спортто, машыктыруучу катары көрсөтөм деп ишенем, бирок менин кыялым - профессионалдуу футболчу болуу» деп жаш жалгыз машыктыруучу кыз Эмеке Хенсен (16 жаш, Голландия) эмоциясы менен бөлүштү. 

Маанилүү адамзаттык баалуулуктарга берилгендиктин ураанынын алдындагы футболдук уруштар башталардан мурда, коляскадагы регби боюнча Санкт-Петербургдун курамасынын Башкы машыктыруучусу Владимир Бусыгин чүчүкулак өткөрдү

 «Мындай чемпионат балдар үчүн маанилүү адамзаттык баалуулуктарга болгон берилгендикти көрсөтүүгө жана чоң адамдардын дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Аларды карап туруп озүмдү эстем: балдарда оюнга жана футболго болгон сүйүү канчалык, ал бизди бириктирип жатат» - деп айтат Владимир Бусыгин. 

 Чүчүкулак боюнча Олимпия системасы менен өтүп жаткан достук үчүн футболдун биринчи чемпионатында Достуктун сары курмасы Достуктун циан түсүндөгү курамасы менен ойноду, Достуктун кызыл курамасы Достуктун кызгылт курамасынын жаш футболчулары менен жолугушту. 

Ак команда Жашыл курама менен ойноду, ал эми сыя футболкачан балдар көк түстөгү команда менен жолугушту. Кичине тыныгуудан кийин жарым финалдар жана кызгылт менен сыялардын ортосундагы финал болуп өттү. Матч достуктун жана теңчиликтин девизинде өттү. Оюн 4:3 эсебинде Кызгылт командасынын спортчуларынын пайдасында жана финалдык ышкырыктан кийин достук кол кармашуу менен аяктады.

«Газпром» ААКнун Эл аралык социалдык «Достук үчүн футбол» программасынын бешинчи сезонунун мелдештик бөлүгүнүн кульминациясы болуп финалдын катышуучуларын уникалдуу сыйлоо аземи болду. Командалардын капитандары бири бирин медалдар, грамоталар жана Россия Футболдук Союздын атайын байгелери менен сыйлап жатышты.

«Бүткүл дүйнөдөн келген, күйүп турган көздөрү менен жаш балдарды караган жагымдуу. Достук үчүн футбол боюнча чемпионатта түрдүү мамлекеттерден келген спортчуларүч күндүн ичинде накта командага биригишти. Балдар жеңиш үчүн чоңдордой күрөштү, жана мен, аларды чоң келечек күтүп турат деп ойлойм» - деп түшүндүрмө берди РФС вице-президенти, Россия футболдук Премьер-Лиганын президенти, Сергей Прядкин.

Финалдык оюнга катышпай калган жаш футболчулар, «Достук үчүн футбол» программасынын баалуулуктарын колдоо үчүнбир катар жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрдү. Жаш футболчуларга күйөрмандык кылууга миңден ашуун адам келди, алардын ичинде белгилүү футболчулар, программанын Россия элчиси жана Россия курамасынын тарыхтагы футбол боюнча эң мыкты бомбардири Александр Кержаков жана улуттук команданын башкы машыктыруучу Станислав Черчесов, алдыңкы катардагы спорттук эл аралык ММКнын 200 дөн ашуун журналисттер келишти. 

Артка

GLOBAL MEDIA PARTNER

GENERAL MEDIA PARTNER

SPECIAL LANGUAGE PARTNER

LOCAL MEDIA PARTNER

This website uses cookies to enhance usage, for web analysis, advertising purposes and to integrate social media. You hereby give consent for this website or third-party suppliers to place cookies on your device. For more information please see our privacy policy