Login

usercockpit

“Тогуз баалуулук” кубогу

“Тогуз баалуулук” кубогу – бул “Футбол достук үчүн” программасынын атайын сыйлыгы, ал жыл сайын Эл аралык балдар форумунда кесиптик футбол клубдарынын бирине тапшырылат.

“Тогуз баалуулук” кубогу менен “Футбол достук үчүн” программасынын бардык баалуулуктары: достук, теңдик, адилеттүүлүк, дени сактык, тынчтык, берилгендик, жеңиш, салттар жана намыска эң көп берилгендик үчүн сыйлашат.

“Тогуз баалуулук” Кубогуна татырдык футбол клубу үч этап менен тандалат: “Тогуз баалуулук” Кубогун алуу үчүн зарыл сапаттарга ээ дүйнөдөгү кайсы болбосун футбол клубу үчүн эл аралык добуш берүү, финалисттердин тизмесин дайындоо, “Футбол достук үчүн” программасынын баалуулуктарын илгерилетүүчү жаш элчилер катарында программага катышуучулар тарабынан жеңүүчүнүн тандалышы. Программанын бардык катышуучулары өздөрүнүн пикири боюнча спортто гана эмес, социалдык демилгелерди иш жүзүнө ашырууда да эң көп жетишкендиктерге ээ клуб үчүн добуш беришет.

Бул клуб - жөн гана футбол командасы эмес, ал жаш оюнчулар каалаган үлгү болот. Негизинен балдар өсүп чыккандан кийин, өздөрү теңелүүнү калай турган чоңдор үчүн добуш берүүнү калайт. балдардын жакшы иштер жөнүндөгү көз карашын чагылдыруучу бул сыйлык, кесиптик клубдарды колдойт жана мындан ары да башка адамдарга жардам берүүгө багытталган коомдук демилгелерди ишке ашырууга шыктандырат.

2015-жылы, “Тогуз баалуулук” кубогу биринчи жолу атактуу немис айкелчи Аким Риппергер тарабынан “Футбол достук үчүн” программасы үчүн жалгыз бир нускада дайындалды.

Кубок уникалдуу көркөм чыгарма болуп саналат. Футбол тобу көрүнүшүндөгү жер шарын кармап турган жаш футболчунун фигурасы түрүндөгү айкел, өсүп келе жаткан жаш муундардын колундагы, ушул муун илгерилетип жаткан баалуулуктарга байланыштуу келечекти символдоштурат.

Биринчи “Тогуз баалуулук” кубогу Үчүнчү “Футбол достук үчүн» эл аралык балдар форумунун алкагында “Барселона” футбол клубуна тапшырылган. Бул клуб үчүн добуш берген балдар, клубдун жаштар футболун колдоо жана өнүктүрүү боюнча демилгелерин, ал дагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн келген жаш футболчуларга жардамын белгилеп кеткен. “Футбол достук үчүн» эл аралык балдар форумунун жаш катышуучулары сыйлыкты “Барселона” ФК Вице-президенти Рамон Понтко тапшырган.

2016-жылы Аким Риппергер дагы бир “Тогуз баалуулук” кубогун, ошондой эле жалгыз гана нускада дайындады, ал Төртүнчү “Футбол достук үчүн» эл аралык балдар форуму убакытында Миланда “Бавария” ФК-на тапшырылды. Сыйлыкты клубдун ардактуу президенти Франц Беккенбауэр кабылдап алды.

Аны менен бирге 2016-жылы “Футбол достук үчүн” программасынын төртүнчү сезону алкагында Сириянын өкүлү болгон “АЛЬ-ВАХДА” командасы да кубокко ээ болду. Кубокту тапшыруу церемониясы Сирия, Дамаскта “Үч күн согушсуз” документтүү фильминин ачык премьерасы алкагында болду. “АЛЬ-ВАХДА” клубунун футболчулары “Футбол достук үчүн” программасынын баалуулуктарына берилгендиктери жана жеңишке карата эрки үчүн сыйлык алышты.

2017-жылы жаш элчилер “Тогуз баалуулук” Кубогу үчүн жарышта үч финалистти тандайт. Жеңүүчү 2 июль күнү Санкт-Петербургда Бешинчи эл аралык балдар форумунда жарыяланат.

GLOBAL MEDIA PARTNER

GENERAL MEDIA PARTNER

SPECIAL LANGUAGE PARTNER

LOCAL MEDIA PARTNER

This website uses cookies to enhance usage, for web analysis, advertising purposes and to integrate social media. You hereby give consent for this website or third-party suppliers to place cookies on your device. For more information please see our privacy policy