Login

usercockpit

Катышуучулар «Футбол достук үчүн» долбоору жөнүндө

«"Балдар үчүн футбол" балдар үчүн эң мыкты демилге. Көп учурда адамдар өз мүмкүнчүлүктөрүн тиешелүү деңгээлде баалай алышпайт, бирок биз өтө кызыгуу менен машыгып жатабыз жана мыкты оюнчулардан болуп, өз өлкөбүздүн кызыкчылыгын татыктуу коргой алабыз деп ишенебиз. Мен, бизди тандап алышкандарына абдан сыймыктанам, жана бизди өз өлкөлөрүнүн мыктылары болуп келген өз курдаштарыбыз менен тааныша турганыбызга кубанып турам, жана Алжирге жеңиш менен сыймыктуу кайтып келебиз деп ишенем».

Лотфи Маджэр, 14 жаш, Алжир, Алжир

Алжир, 2016


«Мындай маанилүү турнирде «Боктун» өкүлүнүн болушу – бул ар бир футболчу үчүн чоң сыймык. Бүт дүйнө жүзүнөн келген жаңы достор менен таанышуу - бул уникалдуу тажрыйба болот».

Алексис Гонзалес, 14 жаш, Буэнос-Айрес, Аргентина

Аргентина, 2016


«Мен, башка мамлекеттерден келген өз курдаштарым менен таанышууга, алар менен футбол талаасында мелдешүүгө мүмкүнчүлүк ала алганыма бактылуумун. Мен чоңойгондон кийин, биз алар менен улуттук курамалардын убагында жолугушам жана биз баарыбы чогуу “Достук үчүн футбол” турнирин өткөрөбүз».

Рубен Мартиросян, 14 жаш, Ереван, Армения

Армения, 2016


«Достук үчүн футбол» - долбоору, бул легендарлуу адамдар менен таанышуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү. Мен, Франц Беккенбауэр сыяктуу чоңдуктагы футболдун жылдыздарын көрөөрүмө абдан төбөм көккө жетип турат, ал долбоорго глобалдуу элчи катары катышат, биз аны жөн гана көрбөстөн, аны менен баарлаша да алабыз!»

Андрей Потапенко, 14 жаш, Борисов, Беларусь
Лиссабон, 23 -май, 2014-ж.


«Балдар үчүн бул сапар абдан жемиштүү өттү: алар башка маданияттар менен таанышты, футбол- биринчи кезекте дайыма эле утууга тийиш болгон оюн эмес экендигин өз көздөрү менен көрүштү. Баарынан маанилүүсү – сен оюн талаасында жолугуша турган адамдар менен жакшы мамиледе болуу, аларга дайыма сый мамиле кылуу».

Элин Топузаков, машыктыруучу, София, Болгария
Лиссабон, 24 -май, 2014-ж.


««Флуминенсе» ФК спортчулардын машыгууларында дүйнөдөгү алдыңкы ыкмалардын бирин пайдаланат: окутууга болгон комплекстүү мамиле, анткени адам канчалык мыкты болсо, ал ошончолук мыкты оюнчу боло алаарына ишенишет. «Достук үчүн футболдун» баалуулуктары «Флуминенсе» Футболдук клубунун баалуулуктары менен дал келет жана спорт үчүн да, бүт дүйнөдөн келген балдар үчүн да өтө маанилүү болгон турнирде Бразилиянын кызыкчылыгын коргоо биз үчүн сыймык болуп эсепетелет».

Тиаго Мачедо, машыктыруучу, «Флуминенсе» ФК, Бразилия

Бразилия, 2016


«Мен футболду он жылдан бери ойноп келе жатам. Мен коргоочумун, тагыраак айтканда, борбордогу коргоочумун. Мен профессионал футболчу болууну самап келем, мен Грециянын курама командасында ойногум келет жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасында жеңишке жетишким келет. Бул жерде бүгүн болгонума мен абдан бактылуумун. Эң башкысы – жаңы досторду табуу деп ойлом, анткени футбол мен үчүн дайыма достукту, бир туугандыкты жана ден соолукту түшүндүрөт».

Антонис Ойкономопулос, 15 жаш, Афины, Греция
Лондон, 25 -май, 2013-ж.


«Мен өзүмдү абдан жакшы сезип турам, анткени эрудиция менен эмгекти сүйүү сөзсүз өз жемишин берээрин мен жакшы билип калдым.  Ийгилик менин англис тилинде жакшы сүйлөөрүмдү жана жазаарымды дагы бир жолу тастыктады. Мен өзүмдү бактылуу сезгенимден, канат байлап учкандай болуп жатам, анткени спортко болгон кызыгууга өз салымымды кошо алам. Мен бүт Европадан келген курдаштарым менен таанышып, жаңы досторду табаарыма жана алар менен Форумдан кийин да алакамды үзбөй турганыма ишенем».

Ана Зебек, 14 жаш, Цепин, Хорватия
Лиссабон, 23 -май, 2014-ж..


«Бул эстен кеткис күндөр болду. Биз мыкты шаарда жана мыкты адамдар менен убакытты сонун өткөрдүк. Бул укмуштуудай шаарда мен таң калаарлык адамдарды жолуктурдум, алар менен дос боло алдым, биз болуп көрбөгөндөй кызыктуу оюн көрдүк, мага ушундай окуяга кабарчы болуу абдан жакты, анткени бул абдан кызыктуу экен. Мен буга окшогон учур муну менен бүтпөйт деп ишенем».

Валентин Пейз, 13 жаш, Таверни, Франция
Лиссабон, 24-май, 2014-ж.


«Мен биздин клубга балдардын эл аралык “Достук күчүн футбол” социалдык программасына катышууга жана балдарды теңчилик, достук, акыйкаттык, тынчтык жана башка сыяктуу программанын негизги баалуулуктары менен таанышууга мүмкүндүк бергени үчүн «Газпром» компаниясына зор ыраазычылыгымды билдирип кетким келет».

Олег Холковский, жаштардын «Дордой» ФК командасынын машыктыруучусу, Бишкек, Кыргызстан

Кыргызстан, 2016


«Менин өлкөмдө футболдун салттары абдан күчтүү. Мен чоңойгондон кийин өз өлкөм үчүн эл аралык деңгээлде ойногум келет. Азыр болсо Германияны Эл аралык балдардын «Достук үчүн футбол» долбоорунда алып чыгууга салымымды кошконум үчүн абдан сыймыктанам, бул долбоор канчалаган мамлекеттин балдарын бириктирип жатат».

Робин Флейк, 13 жаш, Гельзенкирхен, Германия
Лиссабон, 24 -май, 2014-ж.


Ар кайсы мамлекеттен келген балдар менен жолугушуу абдан кызыктуу болду, ал гана эмес, өзүбүздүн команданын балдары жа бири-бирин жакшылап билүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Биз бул күндөрдү эч качан унутпайбыз, жана кийинки жылы да Эл аралык балдардын «Достук үчүн футбол» долбоорунда футбол ойнойбуз деп абдан ишенем!»

Марсель Ковач, 12 жаш, Будапешт, Венгрия
Лондон, 25 -май, 2013-ж.


«Биздин мамлекетте футбол абдан популярдуу. Көптөгөн италиялык клубдар жана оюнчулар чоң ийгиликтерге жетишти. Менин оюмча, миллиондогон адамдар бул оюнга абдан берилгендиги үчүн ушундай болуп жатат. ушул жылы биздин команда «Достук үчүн футбол» долбооруна катыша турганына мен абдан бактылуу болуп жатам, жана бизде ар кайсы мамлекеттен келген, футболду биз сыяктуу сүйгөн балдар менен таанышууга мүмкүнчүлүгүбүз бар!»

Давид Палья, 14 жаш, Рим, Италия
Лиссабон, 24 -май, 2014-ж.


 

«Менин оюмча, спорттук чеберчилик жана башка маданияттарга жана улуттарга болгон сый өтө зор мааниге ээ. Мага адамдын териси кайсы түстө же анын дини кандай экенинин эч мааниси жок. Мени «Достук үчүн футбол» долбооруна катышуучу катары тандап алышты, анткени мен ар ким менен мамилени жакшы түзөм жана башка адамдарга жардам берүүнү абдан жакшы көрөм». 

Тесса Храсхаус, 13 жаш, Алкмар, Нидерланды
Лиссабон, 24 -май, 2014-ж.


«Биздин команда«Газпром» – «Достук үчүн футбол» Эл аралык социалдык долбооруна катышып жатканына биз абдан кубанычтабыз. Биздин балдар башка мамлекеттен келген өз курдаштары менен таанышууга жана алар менен өз тажрыйбаларын бөлүшүүгө мыкты мүмкүнчүлүктөрдү алышты».

Адам Кухарчык,машыктыруучу, Варшава, Польша
Лиссабон, 24 -май, 2014-ж.


««Достук үчүн футбол» долбоорунун убагында биз башка мамлекеттерден келген өз курдаштарыбыз менен гана таанышпастан, чыныгы турнирге катышып жатканыбыз өтө жакшы. Мен футбол талаасында 16 мамлекеттен келген командалар менен жолуга турганыма абдан кубанып жатам

Филипе Суарес, 13 жаш, Лиссабон, Португалия
Лиссабон, 24 -май, 2014-ж..


««Достук үчүн футбол»Форуму дүйнөнү көрүүгө, УЕФАнын Чемпиондор Лигасына барууга, жана, чыныгы профессионалдардын оюнунан ырахат алууга чыныгы мүмкүнчүлүктү берет. Бул кандай гана сонун! Жалпысынан долбоор ар кайсы шаарлардан жана мамлекеттерден келген балдар менен достошууга жардам берет. «Достук үчүн футбол» менин жашоомду өзгөрттү. Мен өзүм үчүн мындай чечим кабыл алдым: мен үчүн футбол – жөн гана кызыгуу эмес, бардыгы анын тегерегинде курулат».

Станислав Кутлияров, 14 жаш, Екатеринбург, Россия
Лиссабон, 24 -май, 2014-ж.


 

««Достук үчүн футбол»  форумунун көпчүлүк катышуучулары футболду профессионалдуу түрдө ойношот. Биз бардыгыбыз ийгиликтүү футбол карьерасы туурасында кыялданып келебиз жана биз үчүн эң башкысы – ден соолук экенин жакшы түшүнөбүз! »

Марко Янкович, 13 жаш, Белград, Сербия
Лиссабон, 24 -май, 2014-ж.


«Достук үчүн футбол»  долбоорунун катышуучусу болгонума мен абдан кубанып жатам, ал тынчтык сыяктуу баалуулукту даңазалап турат. Биз жашпыз, бирок ар бирине жана бардыгына таасир эте турган нерселер бар экенин жакшы түшүнөбүз. Жана биз сыяктуу ойлонуп жатышкан башка мамлекеттерден келген курдаштарыбыз менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз!»

Рок Фрезер, 13 жаш, Марибор, Словения
Лиссабон, 23 -май, 2014-ж.


«Сирия дайыма жашоону, тынчтыкты жана футболду сүйүп келген өлкө болгон. Ошондуктан, бул программа биз үчүн бул глобалдуу иш чаранын бардык катышуучуларына футбол аркылуу биздин тынчтык чакырыгыбызды жеткирүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Биз толеранттуулук менен жайлуу бирге жашоону колдогон өзүбүздүн маданиятыбызды тааныштырууну татыктуу жүргүзө алабыз деп ишенебиз. “Достук үчүн футбол” программасына чакырылбай калсак, бул мүмкүнчүлүк болмок эмес, муну үчүн биз абдан ыраазыбыз».

Кутейба Аль-Рефай, Аль-Вада ФК басма сөз атташеси, Дамаск, Сирия

Сирия, 2016


«Менин уулум «Галатасарай» футболдук клубунун формасын кийип алып, Түркиянын желегин толук жоопкерчиликте алып басып өткөндө, мен абдан сыймыктандым. Биз сиздерди жана уулума, мага жана биздин үй-бүлөгө ушундай күчтүү таасирденте турган учурду тартуулаганыңыздарга жардам берген баардыгына ыраазычылык билдиребиз. Обендин биринчи айткан сөзү: «Ата, бул сонун экен!» болду. Биз «Газпром» компаниясына, «Галатасарай» академиясына жана өспүрүмдөрдүн футболдук командасынын машыктыруучуларына, биз башыбыздан өткөргөн сыймыктануу сезимдерибиз үчүн ырахматыбызды айтабыз».

ДехаСарачоглу, Обен Сарачоглунун атасы(катышуучу), Стамбул, Түркия
Стамбул, 12-июнь 2014-ж.


«Биз  «Достук үчүн футбол» долбоорунун катышуучулары болгонубуз үчүн абдан бактылуубуз, анткени көптөгөн европа мамлекеттеринен келген өз курдаштарыбыз менен жолугушууга жана жаңы досторду табууга чоң мүмкүнчүлүк ала алдык, алар да биз сыяктуу футболду жакшы көрүшөт жана биздин алар менен талкуулай турган жалпы кызыкчылыктарыбыз абдан көп экен

Евгений Архипов, 13 жаш, Киев, Украина
Лиссабон, 24 -май, 2014-ж.


«Биз футбол ойнойбуз жана жеңиш – биргелешкен аракеттердин жемиши экенин жакшы билебиз. Бардык оюнчулар футбол талаасында болгон аракетин жасашы керек, бирок ошол эле убакта команданын ичинде команда үчүн ойной билиши керек. Бул жеңүүнүн жалгыз жолу. «Достук үчүн футбол» мына ушунда пропаганда кылат, биз ошондуктан ушул жердебиз».

Луи Аннесли, 14 жаш, Лондон, Улуу Британия
Лиссабон, 24 -май, 2014-ж. 


«Буга окшогон масштабдуу программанын бир бөлүгү болуп калганыбыз үчүн биз абдан толкунданып жатабыз. Биз үчүн Вьетнамдын атынан чыгып ойноо жана башка мамлекеттерден келген өспүрүмдөр командаларына кошулуу абдан зор сыймык. Мен жана менин командадагы досторум боло турган турнирге абдан кызуу даярданып жатабыз, жана вьетнамдардын өспүрүмдөр футболун дүйнөлүк футболго жакындата алабыз деген ишенимибиз күч. Жакынкы келечекте вьетнам футболу туурасында көбүрөөк адамдар билет деген үмүтүбүз бар жана мына ушул сыяктуу эл аралык достук оюндарына катышууга жагы көбүрөөк мүмкүнчүлүгүбүз пайда болот деп ойлойбуз».

Нгуен На Мин, 13 жаш, Плейку, Вьетнам

Вьетнам, 2016

GLOBAL MEDIA PARTNER

GENERAL MEDIA PARTNER

SPECIAL LANGUAGE PARTNER

LOCAL MEDIA PARTNER

This website uses cookies to enhance usage, for web analysis, advertising purposes and to integrate social media. You hereby give consent for this website or third-party suppliers to place cookies on your device. For more information please see our privacy policy